Yandex Go — тамак-аш жеткирүү сервисинин логотиби
← Бардык макалалар
Кантип баштоо

Жаңы курьердин каталары: кармоо жана блокировка эмнеден болот

Жаңы курьерлер акчадан көбүнчө амалдангысы келгендиктен эмес, эрежелерди али билбегендиктен ажырашат. Бузуулар үчүн чараларды система автоматтык түрдө колдонот, ошондуктан алдын ала түшүнүп алган жакшы. Төмөндө алгачкы күндөрү өзгөчө көп кездешкен жети ката жана алардын ордуна эмне кылуу керектиги. Бузуулардын толук тизмеси — «Бузуулар жөнүндө» макаласында.

1. «Передал заказ» баскычын эрте басуу

Бир-эки секунд үнөмдөйүн деп баскычты лифтте эле басып коюу азгырат. Бирок кардар акыры буйрутманы албай калса, бул бузуу: 850 сом кармалат.

Туура кылуу: «Передал заказ» баскычын пакет кардардын колуна тийгенде гана басыңыз. Буйрутма накталай төлөнсө — акчаны алып, кайтарымын бергенден кийин.

2. Пландуу слотту «кандай болбосун» деп алуу

Пландуу слот — белгиленген убакта старт чекитинде болом деген убада. 30 мүнөткө чейин кечиккениңиз, чыкпай калганыңыз же эрте кеткениңиз үчүн слоттон тышкары ар бир мүнөткө 0,75 сомдон кармалат.

Туура кылуу: алгачкы күндөрү эркин слотторго чыгыңыз — аларды каалаган убакта баштап, бүтүрсө болот. Пландуу слотту так ишенгенде гана алыңыз. Пландар өзгөрсө — мурунку күнү саат 12:00гө чейин тиркемеден өзүңүз жокко чыгарыңыз. Өткөрүп жиберген болсоңуз — өткөн убакытка жаңы пландуу слотко чыгыңыз, ошондо кармоо азыраак болот. Мисалы, 11:00дөн 16:00гө чейинки слотту өткөрүп, 12:00дөн 16:00гө чейинки жаңысына чыксаңыз — 11:00дөн 12:00гө чейинки бир саат үчүн гана кармашат.

3. Слотто буйрутмаларды өткөрүп жиберүү

Слотто ыңгайлууларын гана эмес, бардык буйрутмаларды кабыл алуу керек. Өткөрүп жибергениңиз үчүн бүтүндөй слоттун «минималкасынан» ажырап калышыңыз мүмкүн. Ал эми буйрутмалардын 90%ынан азын алсаңыз, авто-кабыл алуу күйөт жана баарын кабыл ала баштамайынча өчүрүлбөйт. Автоматтык түрдө кабыл алынган буйрутманы аткарбай коюу — олуттуу бузуу.

Туура кылуу: жолдо баскычты басып үлгүрбөсөңүз — авто-кабыл алууну өзүңүз күйгүзүңүз: Yandex Pro → Профиль → Автопринятие заказов. Эс алуу керек болсо — пландуу слотто 20 мүнөттүк тыныгуу алыңыз, ал эми эркин слотту жөн эле жабыңыз.

4. Байланыштан чыгып кетүү же буйрутмадан баш тартуу

Курьердин күнөөсү менен буйрутманын жокко чыгышы — 850 сом. Мындай болот: катуу кечиксеңиз, буйрутманы жеткирүүдөн баш тартсаңыз же колдоо кызматы сизге чала албай калса. Кабыл алган, бирок али ала элек буйрутмадан колдоо аркылуу баш тартуу — 130 сом жана сапат отчётунда минус.

Туура кылуу: слотто телефонуңуздун үнү күйүк турсун. Ресторан узак даярдап жатканы же жолдо тоскоолдук чыкканы үчүн буйрутманы кайра дайындоону сурасаңыз, корректировка болбойт. Өзгөчө кырдаал болсо — колдоого жазыңыз: Вопросы по текущему заказу → Экстренная ситуация, сүрөт же видео тиркеңиз. Буйрутма сиздин күнөөңүз менен жокко чыкпаса, корректировканы колдоо аркылуу талашсаңыз болот.

5. Фототекшерүүнү кийинкиге калтыруу же алдоо

Текшерүү слот башталганга чейин келип, сиз аны өтпөсөңүз — слотко чыга албайсыз, ал эми чыкпай калганыңыз эсепке алынат. Слот учурунда келип, үлгүрбөсөңүз — буйрутмалар келбей калат. Скриншотторду жана башка телефондун экранынан тартылган сүрөттөрдү алгоритм таанып коёт, ал эми жасалма сүрөттөр үчүн блокировка беришет.

Туура кылуу: текшерүүдөн дароо өтүңүз. Билдирүү доставка учурунда келсе — адегенде буйрутманы жеткирип, анан сүрөткө тартыңыз. Толугураак — «Курьердин фототекшерүүсү» макаласында.

6. Аккаунтуңузга башка бирөөнү киргизүү

Буйрутмаларды өз аккаунтуңузда гана кабыл алсаңыз болот. Аккаунтту башка адамга өткөрсөңүз, буйрутмаларга жетүү чектелет. Логин менен сырсөздү бөлүшүүгө да, фирмалык кийимиңизди башка бирөөгө кийгизүүгө да болбойт. Жайгашкан жерди алмаштыруучу программалар тууралуу өзүнчө: алар үчүн «минималкадан» ажыратышат, сапатты төмөндөтүшөт жана буйрутмаларга жетүүнү убактылуу жабышат.

Туура кылуу: досуңуз же тууганыңыз буйрутма ташыгысы келсе — өзү тариздетсин. Эмнеден баштоо керектиги «Курьер кантип болот: кадам-кадам» макаласында айтылган.

7. Кир сумка жана шалаакы жайгаштыруу

Термосумкасыз жана формасыз же кир жабдуу менен жеткирүү сапат отчётун начарлатат. Өзүңүздүн фирмалык сумкаңыз болбосо, ресторанда буйрутманы жөн эле бербей коюшу мүмкүн. Ал эми буйрутманы бузулган абалда жеткирсеңиз — мисалы, пиццаны же хачапурини тик кармап барсаңыз — 850 сом кармашат.

Туура кылуу: сумканы салфетка менен сүртүп туруңуз, ага стикер чаппаңыз. Жуулбай калса же формасын жоготсо — курьердик борбордо алмаштырыңыз, бул акысыз. Пицца жана пирог салынган кутуларды жатык абалда ташыңыз.

Дагы бир нерсе: бош «О!Деньги» балансы

Бул бузуу эмес, бирок «эмне үчүн мага буйрутма келбей жатат» деген суроонун көп себеби. Кардарлардын көпчүлүгү накталай төлөйт, ал эми мындай буйрутмалар баланс оң болгондо гана сунушталат. «О!Деньги» эсебиңизде 4 500 сомдон кем эмес кармап, жаныңызда кайтарым үчүн 2 000 сомдон кем эмес майда акча алып жүрүңүз.

Баары жайындабы — кайдан текшерүү керек

Yandex Pro’догу «Качество» бөлүмү күн сайын жаңыланат, ал эми аптасына бир жолу сапат боюнча отчёт келет. Бир нерсени бузсаңыз, бөлүмдө кыска окутуу пайда болот — аны өтүңүз. Буйрутмаларга жетүү чектелгени тууралуу Профиль → Диагностика бөлүмүндө жазышат: эмне болгонун жана андан ары эмне кылуу керектигин ошол жерде түшүндүрүшөт.