Жогорку коэффициенттүү жекелештирилген слоттор
Кадимки пландуу слоттордон тышкары Yandex Pro’до өзүнчө формат бар — каалоо боюнча слоттор. Алардын өзгөчөлүгү — система сиз үчүн ыңгайлуу сменаларды өзү тандайт: жакшы көргөн локацияларыңызды, кадимки иш убактыңызды эске алып, жекеше график түзөт.
Негизги пайдасы — жогорулатылган кошумча коэффициент. Эгер сервистин стандарттарын сактасаңыз, мындай слоттор адаттагы пландууларга караганда көбүрөөк киреше алып келет.
Бул кантип иштейт
Алгоритм акыркы жумалардагы доставкаларыңыздын тарыхын талдайт:
- кайсы зоналарда көбүрөөк иштейсиз;
- күндүн кайсы убагында сменага чыгасыз;
- орточо канча саат иштейсиз.
Бул маалыматтардын негизинде Yandex Pro сизге жогорулатылган төлөм коэффициенти бар жекеше слотторду сунуштайт. Билдирүү келет, ал эми слоттор «Расписаниеде» атайын белги — боз галочка менен пайда болот.
Эмнени билиш керек
- Адаттагы пландуу слотторду өзүңүз тандоо мүмкүнчүлүгү сакталат — аны эч ким алып салбайт. Каалоо боюнча слоттор тандооңузга жөн гана кошумчаланат.
- Каалоо боюнча слотторду жокко чыгаруу эрежелери адаттагы пландуулардыкындай: алдынкы күндүн 12 сааттан мурда — өзүңүз, кеч болсо — колдоо аркылуу гана жүйөлүү себеп менен.
Эгер бир нерсе туура эмес болсо
Болуш керек слот келбей жатабы? Коэффициент көрүнбөйбү? Интерфейстин катасыбы? Колдоо кызматына жазыңыз:
Профиль → Поддержка → Написать в поддержку → Технические проблемы
Кырдаалды сүрөттөп, керек болсо скриншот тиркеңиз — оператор иликтейт.